Назад

ЖЕГЕНДЕЙ БОЛДУМ

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 13.01.2019

 

Кайсыл бир доорлордо Осмон өлкөсүндөгү Жаңы-Жер аттуу жерде кедей бир Кечежизаде Хайреддин деген адам жашаган экен.

Ал ар дайым базарга келип,даамдуу тамактардын жытын жыттап, “жегендей болдум(sanki yedim)” деп,ал акчаларды топтоп,мечит салууну самаган. Арадан 20 жыл өтүп,топтогон акчасына мечит кура баштайт.Бирок арзыбаган акчасы төрт дубал менен эки мунарага гана араң жетип калат.Ошол мезгилден бери мусулмандар бул мечитти абат кылып,ар дайым ал жерде намаз окушат.Мечиттин атын болсо, “Жегендей болдум” деп атап коюшкан.Мечит имараты биринчи дүйнөлүк согушта душмандар тарабынан өрттөлүп,чоң зыян тартат. Бир топ жыл кароосуз калган имараттын калдыктарын 1959 жылга чейин устакана катары пайдаланышат, андан соң жергиликтүүлөр тарабынан акча жыйналып, кайрадан толук оңдолуп түзөлөт. Азыркы тапта “Жегендей болдум” мечити заңкайган үйлөрдүн арасында аянты 100 чарчы метр болгон жана 200 кишини батырган бир керемет мечит.

Улуу аалым Саид Нурси “Сөзлер” аттуу китебинде бул мечит жөнүндө мындай дейт: “ Жегендей болдум мечитин курган киши ошол мечитке сарптаган акчасын жеп койсо деле болмок,бирок жебестен бир мечит курду”.
Бул кысса менен элдин баарын мечит курууга чакыруудан алысмын.Кудайга миң мертебе шүгүр жергебизде мечитке өксүк калган айыл-шаар жокко эсе. Эми бүткүл кайрымдуулук фондтор, жергиликтүү жамаат, демөөрчүлөр, мекенин сүйгөн адамдар жол оңдоп,бала-бакча,мектеп, спорт комплекс, мончо, китепкана сала турган жана таза суу чыгарчу кез келди. Келгиле биз да жегендей болдум деп,эч болбосо өз айылыбыздын бир көчөсүнө шагал таш төгүп берип, же суу чыгарып берүүнү ниет кылалы.

Урматым менен, Nuriet Abdulaziz