Назад

Садака жарыя 17 -апрель 2017 -жыл

Рубрика: Новости / Автор: admin / 30.09.2017

Ар ай сайын колдон келишинче муктаж үй бүлөөлөргө жардам берип келебиз. Жардам берип жүрүп, кандай кылып дагы жардамыбызды натыйжалуу жана пайдалуу кылсак болот деген ойлор келет. Кудай буйруп ойлорубуз дал келген мусулман бир туугандар менен биргеликте #садакажарыя амалыбызда (ибадатыбызда) «Кайрымак» деген багыт менен иштей баштадык.
Максаты : «балык бербей, кайрымак менен балык кармаганды үйрөт»
Бул сапар «Кайрымак» багытындагы жардам көрсөтүлгөн биринчи үй бүлөө Военно-Антоновка да жашаган 8 балалуу эне болду. Кореядагы жашаган мусулман бир тууганыбыз 7 тигүүчү машина алып берди. Кыргызстандагы бир туугандар 1 тигүүчү машина алып берди. Жалпы 8 тигүүчү машина берилди. Аллах Таала жардам бергендердин садакасына жана калган дүйнөсүнө да береке берсин. Альхамдулиллях Биздин катарга кошулгандар көбөйө берсин.