Артка

Устаздан насаат…

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 01.06.2017
1. Таң эрте багымдат намазын окуп таңкы зикрлерди калтырба, күнүң ийгиликтүү, тапканың берекелүү болот.

2. Шайтандын азгырыгына кабылып калбоон үчүн көп истигфар айт.

3. Дуба кылууну токтотпо анткени дуба ийгиликке жетүүнүн эң оңой жолу.

4. Ар-бир айткан сөзүңдү периштелер жазып тураарын унутпа!

5. Кыйынчылыка кабылып, оор күн көрүп жатсаң башыңа түшкөн балээни жакшылыка жооруп, ар-бир кыйынчылыктын артында жеңилдик бар экенин эсиңден чыгарба!

6. Манжалардын кооздугу тасбих айтып биригип жаткан учуру. Дайыма таспих айтууну өзүңө адат кылып ал!

7. Кайгы-капа түйшүккө кабылган болсоң, «Лаа илаха иллаллох» — келмесин көп айт!

8. Кедей-кембагалдардын, мискиндердин дубасын садака берип сатып ал.

9. Нафил намаздарда сажданы узун кыл, узун сажда кылуу жаркыраган сарайлардан абзел.

10. Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө! Балким сен айткан сөз кимдир бирөөнүн көңүлүн оорутуп коюусу толук ыктымал.

11. Мазлумдун (зулум чеккен адамдын) дубасынан жана укугу тепселген адамдын көз жашынан сактан!

12. Китеп, гезит же журнал окуудан мурда Куран оку!

13. Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыңды кош!

14. Напсиңе каршы күрөш, анткени напси жамандыкка үндөйт.

15. Ата-энеңдин колун өөп кызматын кыл, Алланын ыраазылыгына жетесин.

16. Сен эски деп кийбей койгон кийимиң колунда жок адамга жаңы болуп көрүнөт, кийбей турган кийимдериңди муктаж адамдарга бер.

17. Болбогон нерселерге ачууланба, өмүр сен ойлогондон кыска. Ачууга алдырсаң жашооңдо көп жакшылыктардан куру каласын.

18. Күчтүүлөргө күч берип күчтөндүргөн, байларга байлык берген кудурети чексиз Алла Таала дайыма сени көзөмөлдөп тураарын унутпа.

19. Күнөө дубанын кабыл болбоосуна себеб болот. Дубанын кабыл болуу эшигин күнөө кылып жаап койбо!

20. Кыйынчылыктан чыгууга жана балээден кутулууга эң жакшы жардамчы намаз. Намаз окуп Жаратканга жалбарып дуба кыл, кыйынчылыктан кутулуунун жолун көрсөтөт.

21. Алланын буйруктарын аткарбай таштап коюу бактысыздыктын башаты жана түйшүккө кабылуунун негизги себеби. Алланын буйруктарына баш ийип ибадат кыл, тыйган арам иштеринен алыс бол!

22. Парз намаздарынан сырткары напил намаздарды көп оку, кабырда жалгыз калганыңда жолдошуң болот. Жараткан жакшылыктарынан эч-кимибизди куру калтырбасын, азыркы окугандарыбызга амал кылып башкаларга да жеткирүүчүлөрдөн кылган болсун. Жакшылыктын жолун көрсөтүүчү, сооптуу амалдарды үйрөтүүчүлөр ошол жакшы ишти жана сооп амалдарды аткарганга барабар…

Устаз Абдишүкүр Нарматов