Артка

Долбоор жөнүндө

Muslimbiz.kg долбоорунун негизинде бизнести исламдык принцип боюнча жүргүзүү жатат. Байкашыбыз боюнча Исламдын жайылышы көптөгөн адамдарды өзгөртүүдө, ошондой ээле: адамдар бири-бирине жардам берүүгө аракет кыла баштады, арзандатуу кылышууда, айлык акысынын жарымын кайрымдуулукка беришүүдө, кимдир бирөөгө жардам керек болгон учурда чын көңүлдөн жардам көрсөтүшүүдө, күн өткөн сайын халал маркасы менен товарлар чыга баштады. Мына ошол үчүн биз аймак түзүүнү максат кылуудабыз, кандайдыр бир деңгээлде сиздин жашооңузду жеңилдеткен масштабдуу бир долбоор түзүлөт, бул сиздин кандай динге ишенээриңизден көз каранды. Белгилей кетчү нерсе, Muslimbiz.kg деп аталганы дискриминациялык бөлүштүрүү болуп саналбайт, болгону биз аткарган иш – ислам негизинде ишке ашат.

Бул эмнени билдирет? Бул – биздин сайтта банктардын, микрокредиттик организациялардын же болбосо күрөөканалардын кызматы, тыюу салынган ичимдиктер, азыктар, сайраңдоо жайлары, кандайдыр бир мекеменин кызматтары (мисалы: тармактык маркетинг) ошондой эле менюсунда халал тамак болбогон кафе, ресторандар ж.б. жарыяланбайт. Бирок ардактуу сайт колдонуучулары буга карабастан бул жерде көптөгөн товарлар жана кызматтар бар.

Биз ошондой эле колдонуучулардын исламды таануу каалоолорун эске алуу менен “Аалам” сайтын түздүк. Бул сайттан сиз ислам темасына арналган көптөгөн пайдалуу видео, аудио китеп материалдарын таба аласыз. Сайт бир гана бул нерсе менен ээле чектелбейт, “Аалам” сайты сиз менен белгилүү устаздарды бириктирген көпүрө да болуп саналат (Шариат боюнча мугалим). Каалоочулардын баары ислам боюнча кызыккан же билбеген суроолорун жеке устазга узата алат.

Долбоорубуздун максаты – адамдарга Жаратуучу Аллахтын жолунан чыкпастан жакшылык кылуу. Ошондуктан биз болушунча сиздер үчүн пайдалуу болгонго аракет кылуудабыз. Курандын ар бир тамгасынан чыкпай, сүйүктүү Мухаммед пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сүннөттөрүнүн жолундабыз.