Артка

МАЙМЫЛ КЫЛЫГЫ

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 19.01.2019

Африкалыктар маймылдарды оңой эле ыкма менен тутуп алышат экен. Оозу кууш болгон кумгандын ичине жаңгак, банан же мандарин салып, ал кумганды жерге көмүп же даракка байлап коюшат. Жолдо өтүп бараткан маймыл кумганды байкап, ичиндеги нерсени көргөндө колун кумгандын ичине салат. Колуна батканча жаңгак алып,андан соң колун чыгарганга аракет кылат.

Кумгандын оозунан бош колу гана бата тургандай болгондугунан , манжасындагылар менен колун кумгандан чыгара албай калат.Болгон аракетин кылса да,колу чыкпайт. Алгач маймыл кыйкырып,бакырып, колун тытканга чейин барат. Бирок бирааз убакыт өтүп, тынчып калат.Арадан бир,эки,үч саат өтсө да, колундагы жаңгактарды кое берип, кумгандын туткундугунан чыгуу акылына да келбейт.Андан соң аңчылар келип,маймылдарды же келтек менен өлтүрөт,же байлап алып сатып жиберет.Кызыгы ар бирин бирден уруп өлтүрүп жатса да,колундагыны кое берип, жанын сактаганга аракет кылбастан, баары өлүмгө дуушар болот.
Биздин да абалыбыз дал ушундай.Маймылдын ордунда өзүбүз,болгону жаңгактарыбыз айырмаланат. Кимдир бирөөгө пайдасыз болсо да бүтүрүш керек деген окуусу,экинчиге көңүлүнө көк чайдай тийген ажаан аялы же араккеч күйөөсү,башка бирөөгө көнүп калган,бирок маянасы аз болгон жумушу.Кыскасы ошолорго карманып алганбыз да,колубуздан чыгаргыбыз келбейт.Колго бекем карманып алып,отурабыз анан. Жылдар өтсө да,кое бергибиз келбейт.Эмнени күтүп отурабыз?Аңчылардын келтегине окшогон турмуштун соккусунубу?! Жөн отурбастан,башкалардын да отурганын кубаттап коебуз.Комфорт зонасынан чыккыбыз келбейт,анткени жаман болсо да,колубузда “жаңгак” бар деп билебиз.
Сизди да ушул сымал бир жерден жылдырбаган “жаңгактар” барбы?
Урматым менен, Nuriet Abdulaziz