Артка

КЫШ БЕРИП БЕЙИШТИК БОЛГОН КЕМПИР

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 08.12.2017

Балыкчы шаарынын «Аль-Амин» борбордук мечитинин салынышы кызыктуу окуялар менен коштолгон экен . Күндөрдүн биринде араб туугандар келип, белгиленген жерге мечит курууну болжолдошот. Аймак губернатору жана акимдер келишим түзүп, мечит салууга керектүү кагаздарды топтоонун убарасында жүргөндө,өлкөбүздүн түштүгүндө Ош коогалаңы башталып кетет.

Мечитти курмакчы болгон араб туугандарга да туура эмес ушак сөздөр жетип,кээ бирлери кыргыздар мыкаачы экен деген пикирде калышат.Акырында ушактан таасирленип,мечит салуудан баш тартышат. Кийинки жылы башка араб демөөрчүлөр келип, салабыз деп алардыкы да ишке ашпай калат. Манастан Чубак кем бекен деп,мусулмандар тартышып жаткан учурда баптисттер чиркөө куруу үчүн аракет кыла баштайт. Курулуш эми башталат деп калган учурда Кудай жалгап кээ бир мусулмандардын кайрылуусу менен ошол жерге мечит салуу үчүн «Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын» жетекчиси Саид Баюми (سعيد بيومي) Сауд Араб өлкөсүндөгү белгилүү аалым, Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) 27-тукуму деп аталган Мухаммад Муса Шарифге кат жазат. Аалым киши катты алган соң, жума баянында мечит боюнча кеп козгойт. Баяндан таасирленген жамааттын ичинен он алты адам Балыкчыга мечит салам деп талашат. Арасынан бирөөсү гана ылайык чыгып, мечит салууга керектүү акчаны которот. Ошентип бир аз убакыт өткөн соң Балыкчы шаарындагы борбордук мечит да курулуп бүтөт. Мечиттин ачылыш аземине демөөрчүлүк кылган киши келе албай, Кыргызстандагы өкүлү Саид Баюми аркылуу телефон менен жумурай журтка ыраазычылык билдирип, төмөндөгүчө кайрылат:
“ Мен түш көрдүм. Түшүмдө ошол мечитти салганым үчүн Аллах мага бейиштен бир чоң үйдү көрсөтүп, ушул үй сеники деп айтты.Кубанганыман ар бир бөлмөнүн эшигин ачып, көрө баштадым.Аңгыча эле бир эшикти тартсам, ал мага ачылбай койду.Оо, Аллахым бул үйдүн баары мага берилген дедиң эле го, эмне үчүн бул эшик мага ачылбай жатат, деп сураганымда, бир үн чыгып, ал сенин мечитиңе бир кыш кошкон кемпирдин эшиги деп айтылды”
Эң кызыктуусу бул жакта , негизинен арабтар мечит салганда 70% ын беришет, калган 30%ын жергиликтүү тургундар топтошот экен. Ошол отуз пайызын жергиликтүү калк берип аткан кезде,бир каарыган кемпир келип таза чүпүрөкө оролгон бир даана кыш берип: “… бул менин адал мээнетим менен чогулткан акчама алган кышым.Ушуну да кошуп коюңуздар”,- деп таштап кеткен экен.
Караңызчы,бир тууганым, кандай гана керемет! Өмүр бою таза мээнети менен ушул мечитке деп чогулткан акчасы, ниетинин тазалыгы аркылуу, бир кыш берсе деле Жараткан Аллах аны мечит кургандардын сообуна теңеп, Бейишинен бир үй берип жатат.Чындыгында Аллахтын астында биздин жыйынтыгыбыз эмес,а балким чын ыкластуулугубуз, адалдан таап,аны Аллах жолунда сарптообуз маанилүүдүр.
Канча деген адамдар миллион сарптап деле,ниетинин бузулганынан улам, чын ыкластуу берилген 20 сомдук садаканын сообуна илешпей калып жатышат. Аллах жолунда сиздин канча бергендигиңиз эмес, мүлкүңүздүн канча бөлүгүн чыгарып берип жаткандыгыңыз да өтө маанилүү!
Жараткан Аллах баарыбызга адалдан ырыскы таап, ошол берген ырыскысынын бир бөлүгүн Өзүнүн жолунда иштетүүнү насип этсин.
Интернет булактарынан топтоп,ирээттеген Нуриет Абдулазиз