Артка

ИСЛАМ ДИНИНИН КЫРГЫЗСТАНДА ТАРАЛЫШ ТАРЫХЫНАН… ОРТО АЗИЯГА ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНА ИСЛАМ ДИНИНИН ТАРАЛЫШЫНЫН СОГУШТУК ЖОЛ МЕНЕН ӨНҮГҮШҮ

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 02.04.2018

Кыргызстандын чөлкөмдөрүнө Исламдын активдүү таралыш жараяны Хорасан акими Кутейба ибн Муслимдин 709, 711-жылы Мавереннагрга жасаган ири жортуулунан башталат. 3-4 жыл ичинде ал Согдияны, Хорезмди жана Тохаристандын көпчүлүк бөлүгүн караткан. Орто Азияны мусулманчылыкка киргизүүдө Кутейба ибн Муслимдин ролу араб тарыхнаамасында жогору бааланат. Ал Бухара калкын үч жолу ислам динине киргизип, эски отпарастык жана бутпарастык ишенимдердин идолдорун талкалаттырып, китептерди өрттөттүргөн, мурунку диндердин храмдарын жок кылдырган. 715-жылы Кутейба Араб халифатынын жаңы халифи Сулейманга каршы козголоң уюштуруп, бирок, өзүнүн эле карамагындагы адамдардын колунан каза тапкан. Араб халифатынын саясий, экономикалык саясатына каршы Мавереннагрда бир нече көтөрүлүштөр чыгып, ислам динин жергиликтүү калкка кабыл алдыруу кыйындыкка турган.


Ал мезгилде Кыргызстандын аймагында саясий күрөш, так-талаштар жүрүп жаткан эле. Истемин кагандын урпактары болгон Батыш-Түрк каганаты алсырап, анын акыркы күчтүү каганы Ышбаранын (651-657) Тан (Кытай) империясынын Орто Азияга болгон аскерий экспансиясы менен кармашта жеңилип калгандан кийин легендарлуу ашина уруусунун урпактары болгон көк түрктөр өз ара араздаша баштаган болучу. Анын үстүнө Чыгыштан Тибет мамлекети күч алып, анын экспедициялык корпустары Жети-Сууга чейин кирип келишкен. Уламдан улам бытырандылыкка баш урган Батыш-Түрк каганатынын “он аймагы өтө алсырап” ашина династиясынын батыш салаасынан чыккан кагандардын жыйырма үчүнчүсү Кулан шаарында (Казахстандын азыркы Луговая шаарчасы) өлтүрүлгөн. Көп жылдарга созулган саясий күрөштөр “он ок бодун (он уруу эл – К.Т.)” элинин “Дулу” конфедерациясындагы төргөштөрдүн бирикмесинин жеңиши менен аяктап, 704-жылы Жети-Сууда Төргөш каганаты түзүлгөн.
Төргөштөр хара жана сары төргөштөр болуп эки топтон турган. Жашаган аймактары Чүй жана Иле дарыяларынын бойлору болуп, алар VII кылымдын акырынан баштап, Тан империясына каршы кармаштарга катышуу менен тарыхый аренага чыга баштаган болучу. Төргөш кагандыгынын негиздөөчүсү жана биринчи каганы сары төргөштөрдүн башчысы Үч-Элик каган (704-706) болгон. Жаңы мамлекеттин чектери түштүк-батышынан Сыр-Дарыясынын ортоңку агымы, түндүк-чыгышы Эртиш (Иртыш) дарыясынын жогорку агымы болуп эсептелген жана борбору Суяб шаары (Чүй өрөөнү – К.Т.) болгон. Чыгыш Түркстан да каганаттын курамына кирген. Өлкө 20 аймакка (округ) бөлүнүп, ар бир аймактан 7 миң аскер чыгарууга мүмкүн эле. 706-711-жылдары каганатты Сакал каган бийледи. Анын мезгилинде төргөштөргө чыгыштан жана түштүк чыгыштан Тан империясы, түндүк-чыгыштан көк түрктөрдүн Экинчи түрк каганаты (682-744), ал эми түштүк-батыштан Араб халифаты менен бирдей күрөшүүгө туура келген.
710-жылы негизги коркунуч болгон Экинчи түрк каганатына каршы “үчтүктөрдүн коалициясы” түзүлгөн. Бул коалицияга Кыргыз каганаты (VI к.аягы-X к.), Төргөш каганаты (704-766), Тан империясы (618-907) кирип, аны түзүүгө демилгечи Кыргыз каганы Барс-бек Инанчу Алп-Тегин болгон. Бирок, коалиция 711-жылы талкаланып калат. Ошол жылы Барс-бек да, Сакал каган да көктүрктөрдүн кол башчылары Тону-Көк менен Күлтегиндин колунан каза табышкан. Кийинки жылдары хара-төргөштөр күч алып, эми алар мамлекетти кайра тикелөөгө аракет кыла баштады. 716-739-жылдары Төргөш каганатынын каганы хара-төргөштөрдөн чыккан таланттуу кол башчы Чабыш-чор Сулук болуп калган. Хара-төргөштөр мамлекеттин ядросун түзүп, кийинчерээк азыркы кыргыз элинин курамына кирип кетишкендигин айта кетүү абзел.
Чабыш-чор Сулуктун тышкы саясаты эки фронтто күрөш жүргүзүү болучу: негизги багыты түштүк-батыштан мамлекеттин чегараларына жакындап келе жаткан арабдарга каршы туруу, экинчиси Тан империясы менен күрөш. Сулук алгач чыгыш коркунучун нейтралдаштырууну чечти. 717-жылы Тан империясынын борборуна элчи жиберип, кытай коркунучун азайткан. Чыгыш Түркстанда туруп, Тан империясынын колдоосу менен бийлик талашкан Батыш түрк каганынын ашина династиясынын бир урпагынын кызын аялдыкка алган. Сулуктун дагы бир аялы Экинчи Чыгыш-түрк каганы Бильге кагандын (716-734) кызы эле. Ал эми анын үчүнчү аялы — Тибет падышасынын кызы болуп калган. Сулук өзүнүн кызын Бильге кагандын уулуна берген. Ошентип ал чыгыш тарапта ийгиликтүү дипломатиялык мамиле түзүп, бардык аскердик мүмкүнчүлүктөрдү арабдарга каршы күрөшүүгө багыттаган. Бул анын кыраакы дипломат жана таланттуу кол башчы экендигин тастыктаган фактылар эле.
720-жылдан баштап Чабыш-чор Сулук “он ог бодун”, Чач (Шаш-Ташкенттин эски аты), Фергана жана согдалыктарды (Самарканддын айланасындагы тургундар) бириктирип антиарабдык коалиция түзгөн жана бир нече ийгиликтүү жортуулдарды уюштурган. Натыйжада 728-жылы арабдар Согданы таштап чыгып кетишкен. Кийинки жылдары Араб халифаты аскерлерди күчтөндүрүп, кайрадан Мавереннагрга басып кирген, бирок алардын жортуулу ийгиликке жеткен эмес. 731-жылы Хорасанда араб башкаруучуларынын ортосундагы араздашуулардын негизинде Харис ибн-Сурейдж аттуу кол башчынын жетекчилигинде Омеяддардын (Араб халифатынын ошол мезгилдеги башкаруучу династиясы – 661-750) бийлигине каршы кыймыл башталат. Харис ибн-Сурейдж Чабыш-чор Сулук менен мамиле түзүп, андан колдоо алууга аракеттенет. Бул окуянын натыйжасы 735-жылга чейинки араб-төргөш ортосундагы салыштырмалуу тынч саясаттын орношу болучу.
Халифаттын аскерлери Сурейджди талкалоого келген мезгилде Чабыш-чор Сулук 734-жылы Чүйдөн Хорасанга чейин тездик менен аскерий жүрүш уюштуруп, арабдарды түштүккө сүрүүгө жетишкен. Мунун өзү Араб халифатына Төргөш каганаты тарабынан түзүлгөн реалдуу коркунуч болучу. Мындай коркунуч араздашкан араб кол башчыларын биригүүгө түрттү. Бирок, ал мезгилде атактуу кол башчы Чабыш-чор Сулуктун мекенинде аны көрө албагандар тарабынан кутумдук козголоң уюштурулуп жаткан эле. Сары төргөштөр бул династиялык кармашта жеңип чыгышты жана 739-жылы Сулукту өлтүрүп тынышты. Бул окуя арабдардын Орто Азияга багытталган аскерий экспансиясынын күч алуусуна жана Төргөш каганатынын алсырап, Жети-Сууда түзүлгөн кырдаалдан пайдаланган жаңы саясий күч – карлуктардын тарыхый аренага чыгышына өбөлгө түзгөн.
Араб экспансиясына каршы турган коалиция кыйраган соң, 10-12 жыл ичинде Орто Азияны ислам динине киргизүү кампаниясы бир топ ийгиликтүү жүрдү. Натыйжада кайрадан арабдарга Мавереннагр, Хорезм, Фергана, Чач каратылган. Мунун өзү Борбордук Азияда ислам динин орнотуу жараянынын бекем пайдубалын түзө алган.

Уландысы бар…
Автор: Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев