Артка

ХАФИЗДИН ЭНЕСИ…

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 18.03.2019

Күндөрдүн биринде менин Куран жаттоо сабагыма бир жаңы бала келди.
Мен андан:
-Курандан жат алган сүрөлөрүң барбы?-деп сурадым.
Ал:
-Ооба, деп жооп берди.
Анда мен:
-Аммадан(30 пара,Курандын акыркы бөлүгү) билгениңди окучу,-деп сурандым.
Жаш бала ынтызарлык менен окуп берди.


-Табарак сүрөсүн(29 пара) билесиңби?
Кичине бала жаштыгына карабай бул сүрөнү да билгенине абдан таң калдым.
Бирааздан соң:
-Нахл сүрөсүн(14 пара) окуп бере аласыңбы?-деп кайрылдым.
Жаш кары мен айткан сүрөнү да мукам үн менен окуп бергенде менин таңыркоом андан да күчөдү.Акырында мен узун сүрөлөргө өтүп,Бакара(эң узун сүрө) сүрөсүн окуп берүүнү өтүндум.Зээндүү бала бул сүрөнү да катасыз окуп берди.
-Балам,сен Куранды жат алган турбайсыңбы?
-СубханАллах,МашАллах…..ооба!-деп уяла жооп берди.
Мен баланы эртеси күнгө атасы менен келүүсүн сурандым.Мага ушундай уулду тарбиялаган атаны көрүү кызык эле.Кийинки күнү ал атасы менен бирге келди,сыртынан караганда анчейин эле сүннөттү бекем карманган кишиге деле окшошподу.Атасы менден мурун мен билбеген сырдын бетин ачты:
-О,устаз!Мен түшүнүп турам сиздин таң калгандыгыңызга!Бул баламдын артында миң эркекке тете келген аял турат-ал баламдын апасы.Менин үй бүлөөмдө үч уулум тең Куранды жат алышкан,ал эми төрт жашар кызым Амманын жарымын жаттаган.
-Бирок,мынчалык деңгээлге кантип жеттиңер?,-деп суролуу жүзүн карадым.
-Аялым баладарынын тили чыкканда эле Куран окууга үйрөтүп,ар дайым аларды жаңы сүрөлөрдү жаттаганга дем берип турат.Мисалы,ким биринчи болуп белгиленген сүрөнү жаттаса-ал ошол кечиндеси кандай тамак даярдалуусуну тандайт,ким биринчи болсо-дем алышта кайда барып сейилдөөнү чечет,ким биринчи жаттаса-жайкы эс алууда кайда барууну өз чечимине коебуз деп.Кыскасы балдарымдын ортосунда атаңталашууну жаратып,ар дайым Куран жаттоо жана кайталап турууга түрткү болуп келет.
Чындыгында такыба аял-такыба перзенттерди тарбиялайт эмеспи…..
Которгон: Нуриет Абдулазиз