Артка

Диплом тапшыруу аземи. Ош шаары

Рубрика: Новости / Автор: admin / 27.06.2018

Ош шаарындагы «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын окуу борборунда окуган бүтүрүүчүлөр дипломго ээ болушту

Бүгүн 25-июнь күнү Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын окуу борборунда 2018-жылга карата бүтүрүүчүлөргө атайын диплом тапшыруу салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү. Бул иш чарага КМДБнын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Ош шаарынын казысы Убайдила ажы Сарыбаев, ДИМКнын түштүк бөлүмүнүн башчысы И. Мурзабеков, Ош жана Жалал-Абад облустарынын казылары, бүтүрүүчү кыздардын ата-энелери, медресенин мугалимдери жана бүтүрүүчүлөр катышышты. Салтанаттуу иш-чарада КМДБнын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, Куран Карим тууралуу кыскача баянын айтып, мындан ары алган билимди токтотпостон, үзгүлтүксүз билим берүүнү улантууга чакырып кетти. Мындан сырткары Ош шаары, Ош жана Жалал-Абад облустарынын казылары, Убайдилла ажы Сарыбаев, Самидин ажы Атабаев жана Абдилазиз Закиров, ДИМКнын түштүк бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, ОшМУнун теология факультетинин мугалимдери да куттуктап, каалоо тилектерин айтышты.