Артка

Рубрика "Статьи"


“Эмне үчүн менде кыз эле төрөлө берет?..”-деп үшкүргөн эркектерге

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 19.10.2017

Суроо: Айрым адамдарга Аллах улам улам эле кыз берет, негедир уул бербей коет. Төрөтканага жаткан аялы кайрадан кыз төрөгөнүн укканда күйөөсүнүн жүрөгү кысылып, санаага батып, а түгүл “улам кыз төрөй бересиң” деген темада уруш жаңжал да башталат. Айрым эркектер андай учурларда “дагы бир жолу кыз төрөсөң, анда сөзсүз ажырашам!” деп да коркутушат экен. Кайра кайра кыз төрөлгөнүнө капа болгон эркектерге кандай кеңеш берет элеңиз?

Показать полностью →

“Ислам дини коомго зыян келтирчү жаман иштердин алдын алып, эскертип турат”

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 19.10.2017

Ислам дини адам баласына зыян келтирүүчү жаман иштердин алдын алып, эскертип келет. Алла Таала кереметтүү Ыйык Куранда пенделерин бир топ иштерден тыйган, эгерде Алла Таала бир иштен тыйган болсо ал амалдын артында сөзсүз адам баласына зыяндуу нерсе болот.

Показать полностью →

Даанышмандык

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 06.10.2017

Чоң аалымдардын бири шакирттерине «Сахих-Албухарий» — деген хадистер топтолгон китептен сабак отуп жатса, бир киши келип: «Европа жана Америкадагы адамдар айга учуп жетти, а сиз болсо дагы деле Бухарийни чечмелеп отурасыз» — дейт. Аалым: «Мунун эмнесине таңыркайсың?! Бир макулук экинчи бир макулукка жетиптир, ал эми биз Жаратканга жеткенди каалайбыз… Бирок, сен өзүңдүн жакшылыктардан куру калган адам экениңди билесиңби?, Анткени сен айга да жетпедин, Бухарийден илим да окуй албадың!», — деп, даанышмандык менен жооп кайтарат…

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Аят из Корана

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 03.10.2017

Мы не возлагаем на человека сверх его возможностей. У Нас есть Писание, которое глаголет истину, и с ними не поступят несправедливо (сура 23 «аль-Муминун», аят 62).

Аллах предписывает человеку совершать только то, на что у него хватает сил. Более того, религиозные предписания не отнимают у человека все силы, и это свидетельствует о милости и мудрости Аллаха. Он облегчил людям путь, который ведет к Нему, дабы эта широкая дорога всегда была переполнена путниками. У Него хранится Писание, которое глаголет истину. Это – самое первое Писание, в котором записано знание обо всем сущем. И хранящиеся в нем записи полностью соответствуют действительности, что свидетельствует об их правдивости. Вот почему никто не умалит совершенных людьми благодеяний и не приумножит совершенных ими грехов, усугубив тем самым их страдания.

“ДААНЫШМАН СӨЗДӨР…”

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 30.09.2017

Ибадаттын кыйынчылыгы кетип, сообу калат. Күнөөнүн жыргалы кетип, азабы калат…

Бир киши бийик-бийик салынган үйлөргө карап досуна: “Алла Таала бул байлыктарды бөлүштүргөндө биз кайда элек?”-деп, сурайт. Досу аны ооруканага алып барып: “Алла Таала бул ооруларды берип жатканда биз кайда элек?”-деп, суроо менен жооп кайтарат. Барга көппөй, жокко чөкпөй, азга канаат кылып, Кудайга шүгүр айтып жаша!.

Эгер дүйнөнүн кыйынчылыктары сени чарчаткан болсо ага көп кайгырба, балким Алла Таала сенин дуба кылып жалбаргандагы үнүңдү уккусу келген чыгаар. Күлүү үчүн бактылуулукту күтпө, бактылуу болуу үчүн күлгөндү үйрөн!.

Абдишүкүр Нарматов

АШУРА КҮНҮ ДЕГЕН КАНДАЙ КҮН?

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 28.09.2017

 

Ашура күнү – Мухаррам айынын 10-күнүнө туш келген күн. Быйылкы жылы 30-сентябрга туура келет.БУЛ КҮНҮ КАНДАЙ ИБАДАТТАРДЫ АТКАРУУ КЕРЕК?Ашура күнү орозо тутуу сүннөт болуп саналат. Анткени Аллах Таала ушул күнү Муса пайгамбарды Фираун жана анын аскеринен куткарган. Ошол себептен улам Аллахка шүгүр кылуу максатында бул күнү орозо тутуу сүннөт.

Показать полностью →

КОЖОЮНУН КИМ БИЛБЕСИН

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 26.09.2017

Улуу Ислам аалымы болгон Абдуллах ибн Мубарак күндѳрдүн биринде кой жайып жүргөн жаш баланы көрөт. Ага боору ооруп,ичинен: «Бечара бала!.. Кичине болуп туруп чабандык кылып жүрөт. Чоңойгон кезде Жараткан Аллахты таануу илимине кантип ээ болот?” – деп ойлонот.
«Кудайды таанытууда бир маселе үйрөтөйүн”, — деп, баланын жанына келет. Экөөнүн ортосунда мындайча сөз жүрөт:

Показать полностью →

Чыныгы сүйүү

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 19.09.2017

Чыныгы сүйүү кандай болот?, Сүйүү деген өзү эмне? — деп сурашканда минтип жооп беришти: Сүйүү жүрөгү менен гана ийилип койуу эмес, балким өзүн сүйгөн адамы үчүн толук курмандык кылганга даяр болуу.

Тарыхта андай сүйүү болгонбу?

Показать полностью →

10 правил воспитания ребенка

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 13.09.2017

1. Появление ребенка на свет, как и все остальное, зависит от Всевышнего. Что касается лично вас, встречайте ребёнка готовыми на заботу, защиту и хорошее воспитание вплоть до достижения им совершеннолетия. Хорошее воспитание в данном случае – это вырастить самостоятельную личность, ответственную за свои поступки и выбор, независимо от того, девочка это или мальчик.

2. Ребёнок пришёл в этот мир со своей миссией. Поэтому ни в коем случае не уродуйте его судьбу, позвольте ему проявлять свои способности и естественные стремления: к учебе, играм, общению, деятельности. Иначе вы будете наказаны в будущем чувством вины за то, что «где-то упустили». Вы не упустили, вы заставили ребёнка упустить его возможности.

Показать полностью →

БАЛА ТАРБИЯЛООДО АТА-ЭНЕНИН МИЛДЕТТЕРИ

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 13.09.2017

КИРИШ СӨЗ
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен баштаймын!
Эң алгач, ааламдардын Жаратуучусу, ырыскы Берүүчүсү жана аны көзөмөлдөп Башкаруучу – Аллах Таалага алкыш-мактоолор болсун. Анын Элчиси жана Пайгамбары Мухаммадка Аллахтын салам-салаваттары болсун. Ошондой эле Пайгамбардын үй-бүлөсүнөн, сахабаларынан жана кыяматка чейин акыйкат жолдо аларга ээрчигендерден Аллах Таала ыраазы болсун.

Показать полностью →