Назад

Кааладым

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 09.10.2018

ПЕНСИЯГА ЧЫККАНДАН КИЙИН, ӨТКӨН ӨМҮРҮМДҮН БАРАКТАРЫН БАРАКТАП ОТУРУП, ТӨМӨНКҮ СӨЗДӨРДҮ ТАПТЫМ…

«КААЛАДЫМ».

Окууну бүтүп, жумушка орношууну кааладым. Каалоом ишке ашып, жумушка да орноштум. Андан кийинки оюм үйлөнүү болду.
Үйлөндүм, бирок жашоо баласыз көрксүз болуп жаткандай сезилди. Балалуу болгум келди.
Алладан сурадым, Ал мага бала берди. Бирок бир бөлмөлүү үйдүн дубалын карап жашоодон тажай баштадым. Багы бар чоң үйүм болсо экен деп эңседим.
Эмгектендим, байлык жыйнадым, багы бар чоң үй да сатып алдым. Бирок, балдарым чоңоюп калыптыр. Аларды үйлөндүрөйүн деп аракет кылып баштадым.
Балдарым да үй-бүлөлүү, үйлүү-жайлүү болушту. А мен болсо, жумушка жарабай калып, кыйынчылыктар мени чарчата баштады. Эми пенсияга чыгам деген чечимге келдим.
Пенсияга чыктым. Толугу менен жумуштан чыккандан кийин, жалгыз калдым. Бирок, кайра жашоого кайткым келди. Азыр жашоого кайрадан ой жүгүртүп баштадым.
Өмүрүм аз калды. Тообо кылып, Алланын кечиримине ээ болгум келди. Куран жаттайын деген ой келди, жаттап баштадым, бирок жаттаган сүрөлөрүмдү бат эле унутуп калып аттым.
Орозо кармагым келди, бирок ден-соолугум ага жол бербеди.
Түн ичинде туруп тахажжуд намазын окугум келди. Бирок буттарым, туруп намаз окуганга чыдабай калды.
Ошол кезде Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)дын айткан хадиси эсиме түштү. «Беш нерсени, беш нерсе келээрден мурда пайдаланып кал, (ганимет олжо деп бил). Карылык келбестен мурда жаштыгыңды. Ооруп калаардан мурда, ден-соолугуңду. Кедей болуп калаардан мурда, байлыгыңды. Бир нерсе менен алек болуп калаардан мурда, бош убакытыңды. Өлүм келээрден мурда, өмүрүңдү».

Эгерде бир күндүк планыңда, эки рекет шашке намазын окуу, Курандан бир пара окуу, түнкү тахажжуд намазын окуу, адамдарга жылуу сөз айтуу, садака берүү сыяктуу жакшы максаттарың жок болсо, анда жашоонун таттуу даамын кайдан издеп жатасын? Анда жашоодон максатың эмне???…