Назад

ИТ БОЛБОЙМ

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 13.05.2018

Өткөн бир замандарда бир ит жашаган экен . Ал өзүнүн ит болуп аталып калганына аябай нааразы болчу. Күндөрдүн биринде көпкө ойлонуп, “ит” деген атын өзгөртүүнү чечип, жаныбарлардын ажоосу арстанга арызданып келет:
-Оо, жаныбарлардын падышасы, мени “ит” дешип баары жаман көрүшөт. Менин “ит” атымды өзгөртүп берүүнү суранам.


Анда арстан:
-Эй ,ит! Сенин атыңы эмне деп өзгөртмөк элек? Сен итсиң да, ит бойдон каласын.
Капаланган ит:
-Балким бир жолу бардыр,өкүмдарым?!-десе.
Арстан:
-Макул,өзгөртүү үчүн сага бир шарт коем. Шартты аткара алсаң ит атыңды өзгөртүп, каалагандай ат коюп берем .
Кубанычы койнуна батпай турган ит дароо шартты укпай туруп эле макулдугун берет.
Арстан:
-Бул бир сан этти үйүңө алып барасын, эртеге ушул маалда, ушул бойдон бүтүн алып келсең атыңды өзгөртөбүз.
Итке бул тапшырма өтө эле жөнөкөй сезилип,үйүнө бир сан этти алып жөнөйт. Үйүнө барып, этти бийигирээк жерге илип коет.
Ары басат, бери басат. Баягы бир сан эт эч эсинен кетпей коет. Анан бир карап койсом эмне болот эле, эч нерсеси кемибейт да деген ойдо, этти келип бир карап кетет.
Ары басат, бери басат. Дагы эле бир сан эт оюнда. Бир жыттап койсом эмне болот эле деген ой менен этти жыттап да кетет.
Ары басат, бери басат . Ээч эсинен кетпеген эт, итти дагы өзүнө тартат. Эми бир тилимди тийгизип жаласам, эч нерсе болбостур деп, эттин жанына келет.Өзүнүн напсисине ээ боло албаган ит, этке тилин тийгизгенде эле тиши кошо тийип, эттин баарын жеп коет.
Эртеси куйругун шыйпаңдатып арстандын жанына келип калат. Жагдайды сезип турган арстан:
-Ит элең,дагы деле ит бойдон калыптырсын,-деген экен.
Бул икаядан көптөгөн пайдалуу сабак алсак болот,урматтуу туугандар.Анткени Жараткан Аллах тыйган арам иштердин баары кудум эт сымал бизди тартып турат.Ошондуктан арам ишти кылган бул жакта турсун,ага жакындабаганга аракет кылуу керек.Жакындоо убакты менен арам ишти кылуу аралыгы –бир саам эле.Иттин тили этке тийип,шилейи акканда,анын мээси иштебей калган сымал,арамга жакындаган адамдын акыл-эси иштебей калат.Атың өчкүр шайтан болсо,үстүңдөн шылдыңдап күлүп,кайра эле “иттике” түртөт эмеспи.
Ошондуктан иттике жол бербе,анткени сен экөөбүз адамбыз,замандаш!
Нуриет Абдулазиз