Назад

“Ислам дини коомго зыян келтирчү жаман иштердин алдын алып, эскертип турат”

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 19.10.2017

Ислам дини адам баласына зыян келтирүүчү жаман иштердин алдын алып, эскертип келет. Алла Таала кереметтүү Ыйык Куранда пенделерин бир топ иштерден тыйган, эгерде Алла Таала бир иштен тыйган болсо ал амалдын артында сөзсүз адам баласына зыяндуу нерсе болот.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в) бир хадисинде ыймандуу инсандар менен ыймансыз инсандарды бир кеменин астынкы жана үстүнкү тарабында жайгашкан адамдарга окшотот. Астынкы тараптагы адамдар үстүнкүлөрдөн сууну сурап ичишет. Бир күнү алар үстүнкүлөрдүн тынчын албай кемени тешип эле сууну ала берүү чечимине келишет.

Эгерде алардын бул жоругун үстүнкүлөр токтотуп калышпаса кеме чөгүп, баары жок болот. Ошондуктан коомго келген зыяндуу нерселерде жапа тырмак каршы туруу маанилүү»

Марс Ибраев – Кыргызстандагы Ислам университетинин ректору

Маалымат булагы: Муфтияттын расмий сайты.