Назад

Эски чапан

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 18.12.2018

Күндөрдүн биринде Омар Хайамды бир наадан киши оозго алгыс сөздөр менен сөгөт:
-Сен динсиз фасыксын!Араккеч жана уурусун!
Улуу акын бул сөздөргө жөн гана жылмайып коет.


Болгон окуяны баамдап турган жаш жигит Хайамга суроо узатат:
-Сени ушунчалык сөксө да,намысыңды тебелеп жатса да,чыдай бересиңби?Эркектин намысың барбы деги,жооп бербейсиңби?
Анда жарыктык дагы деле жылмая:
-Жүр мени менен,-дейт.
Өтө таза кийинген пакиза жигит экөө эски бир сарайга келишет.Омар шам жагып,эски сандыктан тамтыгы чыккан бир чапанды алып чыгып,жаш жигитке ыргытат.
-Бул чапанды кийип көрчү,сага ылайык болсо керек.
Чапандын көгөрүп кеткенин жана элек сымал тешиктерин көргөн соң,жаш жигит намыстана:
-Бул болбогон чириндилериңди мен эмне кылам?Менин кийимим таза жана кымбат баалуу экенин байкабадыңбы?Сен өзү айнып калган немесин го дейм,-деп чапанды кайра олуя кишиге кайтарат.
-Мына көрдүңбү!Сен эски чапанды кийип көрүүнү да өзүңө ыраа көрө албадың.Мен да тиги кишинин ыплас сөздөрүн өзүмө ыраа көрбөдүм.Ар бир эле сөзгө териге берүү-наадан ыргыткан чапанды кийгенге тете.
Демек адам баласы көрүнгөн эле адам менен болбогон нерсе үчүн урушканга,жооп кайтаргандан оолак болуусу зарыл.Ата-бабабыз бекеринен: “Таш менен урганды,аш менен ур” деп айтпаса керек.
Даанышмандардын бири мындай деген: “Эгер сени эшек тиштеп алса,сен аны тиштебе,анткени сен адамсың,ал эми ал-эшек”.
Оодарган: Nuriet Abdulaziz