Назад

“Эмне үчүн менде кыз эле төрөлө берет?..”-деп үшкүргөн эркектерге

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 19.10.2017

Суроо: Айрым адамдарга Аллах улам улам эле кыз берет, негедир уул бербей коет. Төрөтканага жаткан аялы кайрадан кыз төрөгөнүн укканда күйөөсүнүн жүрөгү кысылып, санаага батып, а түгүл “улам кыз төрөй бересиң” деген темада уруш жаңжал да башталат. Айрым эркектер андай учурларда “дагы бир жолу кыз төрөсөң, анда сөзсүз ажырашам!” деп да коркутушат экен. Кайра кайра кыз төрөлгөнүнө капа болгон эркектерге кандай кеңеш берет элеңиз?


Эң биринчиси, андай эркектерге айтаар сөз  —  оболу Аллахтан коркуш керек, Ал ыйык, Ал Улук. Эч бир күмөнсүз, ишенимдүү түрдө – ошол улам-улам кыздуу болуп жатканын Аллахтан деп билиши кажет. Сага канткенде жакшы болоорун Аллах гана билээрине толук ишенүү керек. Кыздуу болгондо же уулдуу болгондо жакшы болоорун киши кайдан билмек эле? А ырасында уулга караганда, кыздуу болгон жыргал экендиги көп учурларда ачык мисал болгон көрүнүштөр арбын болуп жатпайбы. Адам тээ качанкы бир наадандык өкүм сүргөн доордогу караңгы кишилердин жоругун кайталабаганы оң:

 «…эгер алардын бирөөсү кыз менен сүйүнчүлөсө, ,анын ачуусу келип, бети карара баштайт.  Өзүнө келген “Жаман” кабардын таасиринен улам элден жашырынат. Аны (кызды) эмне кордукка салып, же топуракка көмүп салуу керекпи? Алар (өздөрү жана кыздары тууралуу) кандай жаман өкүм чыгарышат!» (“Аарылар” сүрөсү, 58, 59 аяттар). [мына ушундай жөрөлгөлөр ислам келгенге чейин араптардын жашоосунда кеңири кездешээр эле — ред.].

Исламда кыздарга тарбиялоого чоң маани берилип, ал колдоого алынат, кыздар Тозоктун отунан сактай турган себеп. Кыздарды тарбиялаган адам акыретте Мухаммед (САВ) пайгамбардын жанында болоорун Анас Бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) Сахих Муслимдеги хадисте айтат:

«Кимде ким эки кызды бой жеткен куракка чейин багып, тарбяилап өстүрсө, ал адам Кыямат күнүндө менин жанымда чогуу болот. », – деп айтып ал колунун манжаларын жумду.

Мухаммед (САВ) пайгамбардын аялы Айша (Аллах андан ыраазы болсун) энебиздин  айтканы бар:  “ Күндөрдүн бир күнүндө мага эки кыз жетелеген аял келди. Ал менден кайыр сурады, а менде бир даана курмадан бөлөк эч нерсе жок эле,..ошону берсем, аял аны алып эки кызына бөлүп берип, өзү болсо эчтеке жеген жок. Ошентип алар кетишкен соң,  үйгө Пайгамбар (САВ) келди, мен ага болгон окуяны айтсам, ал: “Кимге кыздарды багып-өстүрүү түйшүгү түшсө, ал кыздарга жакшы мамиле кылса, ал кыздар Тозоктун отунда баккан адам үчүн  чоң жөлөк болот”-деди. (Аль-Бухари, Муслим).

Кыз эле төрөй бергендиктен  акыры күйөөсү таштап кетип калган аял төмөнкүдөй саптарды жазыптыр:

Атакебиздин биз менен иши жок, ал бизге келбей калды,
Бизди таштап кеткен бойдон, үйгө келчү жолду да унутту.
Уул төрөбөй койдуң деп ачууланат ал мага,
Аллахты айтып касам ичем, бул менин колумдагы иш эмес…

Ушул саптарды жазган аял туура айтат, кыздуу же уулдуу болуу анын эркиндеги иш эмес. Бул нерсе баарына кудурети жеткен, Улук Аллахтын эркиндеги маселе. Адам Аллах эмнени тагдырына жазган болсо ошого каниет кылып, аны кабылдаганы туура.

Шейх Абдулькарим Аль-Худейр
Орусчага  которгон:  Абдульму”мин