Назад

Даанышман сөз

Рубрика: Новости / Автор: admin / 18.06.2018

Бир даанышмандан Азирети Адам ата неге бейиштен чыгарылды деп суралганда:
«Жакшы эмеспи, анын эмнеси жаман экен?! Экөө болуп келишти эле, эми буюрса миллиарддаган урпагы менен кайра барбайбы?! Эгер бейиште жүрө беришкенде көбөйүшпөй экөө эле жүрө бермек».
Дагы сурашты: «А бирок тозоко кирчүлөрдүн саны деле…»
«Шайтанга алданып, сыноодон өтпөй калгандардын санын билүү анчалык маанилүү эмес. Көрбөйсүңбү, бир тоокко жыйырма беш жумуртка бастырсаң, анан алардын он сегизи ачылбай калып, жетөөсү ачылса деле бир тоок жетиге көбөйүп жатпайбы», деп жооп бериптир.