ЭЙ,УУЛУМ!
Сабыр кылууну үйрөн!
Мезгили келбей гүлдөр ачылбайт!
Өлкө жашасын десең инсандардын жашоосуна жол ач!
Узак жолуң сыноолорго толгон.
Аллах жардамчың болсун!
Сабыр кылууну үйрөн!
Мезгили келбей гүлдөр ачылбайт!
Өлкө жашасын десең инсандардын жашоосуна жол ач!
Узак жолуң сыноолорго толгон.
Аллах жардамчың болсун!
Бай менен Бийдин текеберчилиги мейли эми ал мыйзам ченемдүү нерсе. Анча деле коркунучу жок. Себеби байлыгы менен бийлигин тарттырып жиберсе байкушум болуп калат.
Ал эми Аалымдын текебер болуусунан Аллах өзү сактасын. Эң жаман нерсе ушул. Себеби анын илимин тартып алалбайсын.
Сааттын жебеси “чык-чык” дегенине акыл калчап көрдүңүз беле?
Эмне учун “дзын-дзын” дебейт,же болбосо “тук-тук” дебейт?
Атайлагансып “чык-чык” дейт…балким бул дүйнөдөн сени ЧЫК-ЧЫК деп жаткандыр,эй пенде,убактын аз калды,чык бул дүйнөдөн деп кайрылгансып жаткандай.
Сааттын ар бир чыкылдаганы биздин сапарыбыз карып жатканын далилдейт.
Телефон балансыбыз түгөнсө ичибиз ачышат,а бирок өмүрдүн балансына кайдыгербиз.
Инсан баласы «убакыт өтүп жатат» дейт.Чындыгында убакыт турат,биз өтүп жатабыз…
Кандайдыр нерсе ишке ашпай, дал келбесе,
Капаланба, жинденбе, сабырдуу бол.
Сабырдууга сыйлык бар Аллахымдын
Кыяматта андай жанды коркунуч чалбайт.
Айша Зоц
Чоң аалымдардын бири шакирттерине «Сахих-Албухарий» — деген хадистер топтолгон китептен сабак отуп жатса, бир киши келип: «Европа жана Америкадагы адамдар айга учуп жетти, а сиз болсо дагы деле Бухарийни чечмелеп отурасыз» — дейт. Аалым: «Мунун эмнесине таңыркайсың?! Бир макулук экинчи бир макулукка жетиптир, ал эми биз Жаратканга жеткенди каалайбыз… Бирок, сен өзүңдүн жакшылыктардан куру калган адам экениңди билесиңби?, Анткени сен айга да жетпедин, Бухарийден илим да окуй албадың!», — деп, даанышмандык менен жооп кайтарат…
Абдишүкүр ажы Нарматов.
Мы не возлагаем на человека сверх его возможностей. У Нас есть Писание, которое глаголет истину, и с ними не поступят несправедливо (сура 23 «аль-Муминун», аят 62).
Аллах предписывает человеку совершать только то, на что у него хватает сил. Более того, религиозные предписания не отнимают у человека все силы, и это свидетельствует о милости и мудрости Аллаха. Он облегчил людям путь, который ведет к Нему, дабы эта широкая дорога всегда была переполнена путниками. У Него хранится Писание, которое глаголет истину. Это – самое первое Писание, в котором записано знание обо всем сущем. И хранящиеся в нем записи полностью соответствуют действительности, что свидетельствует об их правдивости. Вот почему никто не умалит совершенных людьми благодеяний и не приумножит совершенных ими грехов, усугубив тем самым их страдания.
Ибадаттын кыйынчылыгы кетип, сообу калат. Күнөөнүн жыргалы кетип, азабы калат…
Бир киши бийик-бийик салынган үйлөргө карап досуна: “Алла Таала бул байлыктарды бөлүштүргөндө биз кайда элек?”-деп, сурайт. Досу аны ооруканага алып барып: “Алла Таала бул ооруларды берип жатканда биз кайда элек?”-деп, суроо менен жооп кайтарат. Барга көппөй, жокко чөкпөй, азга канаат кылып, Кудайга шүгүр айтып жаша!.
Эгер дүйнөнүн кыйынчылыктары сени чарчаткан болсо ага көп кайгырба, балким Алла Таала сенин дуба кылып жалбаргандагы үнүңдү уккусу келген чыгаар. Күлүү үчүн бактылуулукту күтпө, бактылуу болуу үчүн күлгөндү үйрөн!.
Абдишүкүр Нарматов