Назад

Рубрика "Новости"


МЕККЕДЕ КЫРГЫЗ НАРИСТЕСИ ЖАРЫК ДҮЙНӨГӨ КЕЛДИ

Рубрика: Новости / Автор: admin / 13.11.2014

Ыйык Ажылык сапарында өздөрүнүн Ажылык милдеттерин аткарышкан Кыргызстандын жарандары Чынгыз Иманбеков анын жубайы  Өмүрова Гүлнара тогуз айлык кош бойлуу абалда болгон себептүү Сауд Арабиясында  калтырылган. 2014-жылдагы убактылуу Республикалык штаб жана КМДБнын Ажылык-Умра бөлүмү Сауд Арабия   мамлекетинин Ажылык министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүрүзүшүп, наристе аман-эсен көз жарып тыңымайынча Мекке шаарында калтыруу жагы жана алар жайгашкан мейманкананын жашоо убакытын узартуу жактары толук сүйлөшүлгөн.

Учурда Чынгыз Иманбеков жана Өмүрова Гүлнара уулду болушуп, наристеге Иляз деп ысым ыйгарышкан.

Жаш жубайлар эртең 13-ноябрь күнү таңкы саат 04:40 жергебизге кайтып келишмекчи.

Маалымат булагы: Кыргызстан Мусулмандар Диний Башкармалыгы

«УЛУУ ИМАМ АБУ ХАНИФА» КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

Рубрика: Новости / Автор: admin / 13.11.2014

Бүгүн Кыргызстан Ислам Университетинин жыйындар залында  «Улуу имам Абу Ханифа» китебинин бет ачар аземи өтүүдө.

Китептин бет ачар аземине КР министрлигинен, КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Молдалиев Орозбек Абдысаламович, КМДБнын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов, КМДБнын Азирети муфтийинин орун басары Эратов Равшан ажы, КИУнун ректору жана Аалымдар кеӊешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов, КМДБнын окуу бөлүмү жана КИУнун мугалимдер жамааты катышууда.

Показать полностью →

КОРГОО КЕҢЕШИНИН ЧЕЧИМИ МЕНЕН ЖАҢЫ КОНЦЕПЦИЯ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Рубрика: Новости / Автор: admin / 04.11.2014

КР Коргоо кеңеши 2014-2020-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын бекитти:

Бүгүн, 3-ноябрда КРнын Kоргоо кеңешинин отурумунда, 2014-2020-жылдарга карата дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын кабыл алып бекитти. Белгилүү болгондой 2014-жылдын 3-февралында Коргоо кеңешинин чечими менен дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын реформалоо боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топко Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан Азирети муфтийинин орун басары Эратов Равшан ажы мүчө болуп, баардык талкууларга, катышкан.

Показать полностью →

КОРГОО КЕҢЕШИ ДИНИЙ АБАЛДЫ ТАЛКУУЛАЙТ

Рубрика: Новости / Автор: admin / 02.11.2014

Коргоо кеңеши 3-ноябрда жыйынга чогулуп, мамлекеттин диний багыттагы концепциясын бекитет. Ошондой эле чек ара коопсуздугу боюнча талкуу жүрөт. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев төрагалык кылат.

Кеңеш өлкөдөгү диний абалды быйыл февраль айында да карап, Алмазбек Атамбаев кырдаалды жакшыртууга багытталган конкреттүү чечимдерди кабыл алуу зарыл экенин айткан.

Булак: Кыргызстан Диний Башкармалыгы

АЗИРЕТИ МУФТИЙ ОРХАН ГЕНЧ МЫРЗА МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Рубрика: Новости / Автор: admin / 29.10.2014

28-октябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстандагы Түркия элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Орхан Генч мырза жана жардамчысы Улан Усупов менен жолукту.

Показать полностью →

В Таджикистане оштрафовали семью паломника за помпезную встречу в аэропорту

Рубрика: Новости / Автор: admin / 26.10.2014

В Таджикистане оштрафованы родственники паломника, нанявшие лимузин для встречи в аэропорту по его возвращении из хаджа, сообщил в четверг Комитет по делам религий при правительстве республики.

«Действия родственников хаджи противоречат закону об упорядочении традиций и обычаев и могут нанести ущерб другим паломникам, которые не имеют таких возможностей», — говорится в сообщении комитета, которое цитирует «Интерфакс».
Имена паломника и оштрафованных родственников не сообщаются, как и сумма штрафа.

Показать полностью →

Казахстанский бегун добрался пешком из Астаны в Мекку

Рубрика: Новости / Автор: admin / 26.10.2014

28-летний спортсмен-любитель Дулат Имангали совершил хадж, пробежав от Астаны до Мекки, сообщает zakon.kz. 

Дулат Имангали начал свой путь 6 июля из столицы республики. Однако уже в Атырау его настигла непредвиденная беда — организаторы марафона отказались поддержать его финансово. Спортсмену пришлось ждать помощи от местных меценатов.

 

Показать полностью →

АЗИРЕТИ МУФТИЙ БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Рубрика: Новости / Автор: admin / 25.10.2014

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарынын мэри Кулматов Кубанычбек Кеңешович менен жолугушту.

Кечээ 23-октябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарынын мэри Кулматов Кубанычбек Кеңешович менен жолугушту. Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, анын алкагында мэр Кулматов Кубанычбек Кеңешович борбор калаабыз Бишкек шаарында курулуп жаткан Орото Азиядагы эң ири мечиттердин биринин курулушу менен жакындан таанышып, курулуш жаатында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Показать полностью →

ЗЫЯРАТЧЫЛАР АЖЫЛЫК АМАЛДАРЫН ТОЛУГУ МЕНЕН АТКАРЫП БҮТҮШТҮ

Рубрика: Новости / Автор: admin / 22.10.2014

Мекке шаарында ажылык парзын аткарып жатышкан Кыргызстандык заяратчылардын акыркы тобу 25-октябрда мекенибизге кайтып келишмекчи.

Мекке шаарында өздөрүнүн ажылык парзын аткарып жатышкан Кыргызстандык заяратчылардын акыркы тобу 25-октябрда мекенибизге кайтып келишмекчи. Учурда кайтып келе элек 5 рейс бар.

Зыяратчылар үчүн быйылкы ажылык сапар өтө жемиштүү болду. Алардын жайгашкан мейманканалары башка жылдагылардан өзгөчөлөнүп Харам мечитине өтө жакын жайгашкан. Мекендештерибиз учурда ажылык амалдарын толугу менен аткарып бүтүштү. Жараткан насип кылса саналуу күндөрдөн кийин зыяратчыларыбыз мекенибизге кайтып келишмекчи.

И.Арабаев ат.КМУнин астында теология (дин таануу) лицейи ачылды.

Рубрика: Новости / Автор: admin / 22.10.2014

И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин “Рух” теология лицейинин окуу планы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигинин 30.08.2013 жылы №564-1 буйругуна ылайык жана анда бекитилген кыргыз тилинде окутуучу лицейлери үчүн түзүлгөн базистик окуу плананынын негизинде түзүлдү.
И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин “Рух” теология лицейи өзүнүн ишмердүүлүгүн билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын негизинде жүргүзөт.

Показать полностью →