Назад

Бүркүт жана карга

Рубрика: Статьи / Автор: admin / 28.01.2019

БҮРКҮТ ЖАНА КАРГА
Куштардын мырзасы болгон бүркүттү табиятта бир гана карга чокуй алат. Карга бүркүттүн үстүнө чыгып,мойнунан тумшугу менен бекем тиштеп,кое бербейт.

Бирок бүркүт аны силкип түшүргөнгө же ал менен согушканга аракет кылбайт, убактысын жана күчүн да кетирбейт. Жөн гана канатын жайып асманга учат. Канчалык бийиктеген сайын, карганын дем алуусу начарлайт. Акыры бийиктик үчүн жаралбаган байкуш карга ылдый көздөй кулайт.
Адам баласы өз максатына жетүү үчүн бирөө менен талашып-тартышып убактысын,күчүн бекер эле коротпошу керек. Бирөөгө бир нерсени далилдейм деп да аракет кылуунун кажети жок. Жөн гана алдыга көздөй учуп,бийиктиктерди багынта бериңиз,сизге жабышкан-илешкендер өздөрү эле жок болот.
Которгон: Nuriet Abdulaziz