Назад

АМАЛЫМДА ВИРУС БАР

Рубрика: Новости / Автор: admin / 09.03.2018

Компьютер же ноутбугуңузга вирус кирип, андагы көптөгөн папкалар ачылбай калган учур көп эле кездешсе керек.Папкалардын сыртында аты жазылып турса да, ичин ачып карасаңыз керектүү материалдар өчүп кеткенин же бир ярлык болуп калганын байкайсыз.Аларды кандай кыйынчылык менен ар кимден көчүрүп, ар жерден жыйнаган элеңиз.Атың өчкүр вирус деген балээ бир заматта баарын жок кылат.
Мусулман болгондон соң ,динибиз мойнубузга жүктөгөн парздарды аткарууга жана арамдан баш тартууга милдеттүүбүз.Мисалы: намаз, орозо, ажылык,зекет-садака берүү,ата-энеңе жакшы мамиле кылуу ж.б.у.с амалдар.


Андан сырткары да көптөгөн жакшы сооптуу иштерди тизмектеп кетсек болчудай.
Ушул амалдардын соопторунун баары бир көз ирмемде жок болуп кетиши мүмкүн.
Эгерде биз кылып жаткан амалыбызды Жалгыз Аллах үчүн эмес, эл көрсүн, кожо көрсүн үчүн,эл эмне дейт деп кылган болсок,анда ишибиз бүттү жана амалыбызга вирус кирди. Бул вирус-акыретте билинчүү вирус болуп эсептелинет.
Кыямат күнү пенде сооптуу иштери менен келип,бирок эсеп таразасына тарта келгенде кылган “вагон-вагон” амалдары салмаксыз болуп калуусу мүмкүн. Себеби ниетиене “вирус” кирген!
Ошондуктан урматтуу мусулман бир тууганым,өз ниетибизди түздөп турууну адат кылалы!
Амалыбыз вирустаса, окуган намазыбыз-гимнастикага, туткан орозобуз-диетага, ажы амалыбыз-саякатка, зекетибиз- гуманитардык жардамга, хиджаб- модага,сакалыбыз- трендке, ал эми динибиз- бир философиялык окууга айланып калат!
Ар бир амалдын кабыл болуусунун эки шарты бар.Бири шариатка дал келүү жана экинчиси чын дилден, ак ниет менен аткаруу.Бул экөө амалда бир учурда байкалбаса,анда андан пайда жок.
Эстүү адам Сурак күн келбей туруп,өзүн суракка алып турат.Жакшы досу бар мусулманга күзгүнүн да кереги жок деген сымал,эгер жакшы ыкластуу досуңуз болсо,анда ал сизге “антивирустук программанын” ордуна кызмат кылат.Анткени чыныгы досту сиздин каталарыңыз кайгыртып,сиздин жеңиштериңиз кубантат эмеспи!

Даярдаган: Нуриет Абдулазиз